quranm◉

Surah Al-Muddaththir transliteration

◉ Сүрө · ∞

74:1

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلۡمُدَّثِّرُ ﴿1﴾

Transliteration: Ya ayyuha almuddaththiru

Translation: Оо, чүмкөнүп (жатып) алган адам!

74:2

قُمۡ فَأَنذِرۡ ﴿2﴾

Transliteration: Qum faanthir

Translation: Туруп (элдерге Акыретти) эскерт!

74:3

وَرَبَّكَ فَكَبِّرۡ ﴿3﴾

Transliteration: Warabbaka fakabbir

Translation: Жана Раббиңдин улуулугун даңазала![1]

74:4

وَثِيَابَكَ فَطَهِّرۡ ﴿4﴾

Transliteration: Wathiyabaka fatahhir

Translation: Жана кийимиңди тазала![1]

74:5

وَٱلرُّجۡزَ فَٱهۡجُرۡ ﴿5﴾

Transliteration: Waalrrujza faohjur

Translation: Жана ыпластыктан ыраак бол![1]

74:6

وَلَا تَمۡنُن تَسۡتَكۡثِرُ ﴿6﴾

Transliteration: Wala tamnun tastakthiru

Translation: Аз нерсе берип ордуна көп нерсе сураба.[1]

74:7

وَلِرَبِّكَ فَٱصۡبِرۡ ﴿7﴾

Transliteration: Walirabbika faisbir

Translation: (Көргөн жамандыктарга) Раббиң үчүн сабыр кыл!

74:8

فَإِذَا نُقِرَ فِي ٱلنَّاقُورِ ﴿8﴾

Transliteration: Faitha nuqira fee alnnaqoori

Translation: Эми, качан гана (Исрафил периште тарабынан «Сур» деген) керней тартылганда (жана Кыямат башталганда).

74:9

فَذَٰلِكَ يَوۡمَئِذٖ يَوۡمٌ عَسِيرٌ ﴿9﴾

Transliteration: Fathalika yawmaithin yawmun AAaseerun

Translation: Мына ушул күн – өтө оор күн!

74:10

عَلَى ٱلۡكَٰفِرِينَ غَيۡرُ يَسِيرٖ ﴿10﴾

Transliteration: AAala alkafireena ghayru yaseerin

Translation: Каапырларга жеңил болбогон (күн)!

74:11

ذَرۡنِي وَمَنۡ خَلَقۡتُ وَحِيدٗا ﴿11﴾

Transliteration: Tharnee waman khalaqtu waheedan

Translation: (Оо, Мухаммад) Мен жалгыз жараткан (каапыр) пендени Мага кой.[1]

74:12

وَجَعَلۡتُ لَهُۥ مَالٗا مَّمۡدُودٗا ﴿12﴾

Transliteration: WajaAAaltu lahu malan mamdoodan

Translation: Мен ага эсепсиз дүйнө-мүлк бердим.

74:13

وَبَنِينَ شُهُودٗا ﴿13﴾

Transliteration: Wabaneena shuhoodan

Translation: Жана (ар дайым кызматына) даяр турган уул перзенттерди бердим.

74:14

وَمَهَّدتُّ لَهُۥ تَمۡهِيدٗا ﴿14﴾

Transliteration: Wamahhadtu lahu tamheedan

Translation: Жана ага өтө кененчилик бердим.

74:15

ثُمَّ يَطۡمَعُ أَنۡ أَزِيدَ ﴿15﴾

Transliteration: Thumma yatmaAAu an azeeda

Translation: Андан соң ал (каниетсиз, наадан адам) Биз ага (Акыреттик бейишти да) кошумча кылуубузду үмүт кылат.[1]

74:16

كَلَّآۖ إِنَّهُۥ كَانَ لِأٓيَٰتِنَا عَنِيدٗا ﴿16﴾

Transliteration: Kalla innahu kana liayatina AAaneedan

Translation: Жок! (андай болбойт! Себеби) ал Биздин аяттарыбызды (билип, түшүнүп туруп) четке какты!

74:17

سَأُرۡهِقُهُۥ صَعُودًا ﴿17﴾

Transliteration: Saorhiquhu saAAoodan

Translation: Мен аны жакында (тозоктогу) аска таштын үстүнө чыгарамын!

74:18

إِنَّهُۥ فَكَّرَ وَقَدَّرَ ﴿18﴾

Transliteration: Innahu fakkara waqaddara

Translation: Себеби, ал (Куран жөнүндө) пикир кылды жана (аны өзүнүн кыска ченем-өлчөмү менен) өлчөдү![1]

74:19

فَقُتِلَ كَيۡفَ قَدَّرَ ﴿19﴾

Transliteration: Faqutila kayfa qaddara

Translation: Өлүмгө жолуккур! Кандай (жаман) өлчөдү!

74:20

ثُمَّ قُتِلَ كَيۡفَ قَدَّرَ ﴿20﴾

Transliteration: Thumma qutila kayfa qaddara

Translation: Дагы (бир ирет) өлүмгө жолуккур! Эмне деген (жаман өлчөм менен) өлчөдү!

74:21

ثُمَّ نَظَرَ ﴿21﴾

Transliteration: Thumma nathara

Translation: Анан (чыгарган тыянагын) байкап көрдү.

74:22

ثُمَّ عَبَسَ وَبَسَرَ ﴿22﴾

Transliteration: Thumma AAabasa wabasara

Translation: Кийин (жактырбай) кабак чытып, маңдайын тырыштырды.

74:23

ثُمَّ أَدۡبَرَ وَٱسۡتَكۡبَرَ ﴿23﴾

Transliteration: Thumma adbara waistakbara

Translation: Андан соң (акыйкаттан артка кетенчиктеп) текеберленди.

74:24

فَقَالَ إِنۡ هَٰذَآ إِلَّا سِحۡرٞ يُؤۡثَرُ ﴿24﴾

Transliteration: Faqala in hatha illa sihrun yutharu

Translation: Анан айтты: «Бул байыркыдан калган сыйкыр.

74:25

إِنۡ هَٰذَآ إِلَّا قَوۡلُ ٱلۡبَشَرِ ﴿25﴾

Transliteration: In hatha illa qawlu albashari

Translation: Бул - адамдын гана сөзү».

74:26

سَأُصۡلِيهِ سَقَرَ ﴿26﴾

Transliteration: Saosleehi saqara

Translation: Мен аны жакында “Сакар” тозогуна киргиземин.

74:27

وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا سَقَرُ ﴿27﴾

Transliteration: Wama adraka ma saqaru

Translation: (Оо, Мухаммад) сен “Сакар” тозогунун кандай экенин билбейсиң.

74:28

لَا تُبۡقِي وَلَا تَذَرُ ﴿28﴾

Transliteration: La tubqee wala tatharu

Translation: Ал (өзүнө ташталган эч бир кылмышкерди) калтырбайт жана жөн койбойт.

74:29

لَوَّاحَةٞ لِّلۡبَشَرِ ﴿29﴾

Transliteration: Lawwahatun lilbashari

Translation: (Терини карартып,) өзгөртүп койот!

74:30

عَلَيۡهَا تِسۡعَةَ عَشَرَ ﴿30﴾

Transliteration: AAalayha tisAAata AAashara

Translation: Анын үстүндө он тогуз (орой периштелер) бар.[1]

74:31

وَمَا جَعَلۡنَآ أَصۡحَٰبَ ٱلنَّارِ إِلَّا مَلَـٰٓئِكَةٗۖ وَمَا جَعَلۡنَا عِدَّتَهُمۡ إِلَّا فِتۡنَةٗ لِّلَّذِينَ كَفَرُواْ لِيَسۡتَيۡقِنَ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡكِتَٰبَ وَيَزۡدَادَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِيمَٰنٗا وَلَا يَرۡتَابَ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡكِتَٰبَ وَٱلۡمُؤۡمِنُونَ وَلِيَقُولَ ٱلَّذِينَ فِي قُلُوبِهِم مَّرَضٞ وَٱلۡكَٰفِرُونَ مَاذَآ أَرَادَ ٱللَّهُ بِهَٰذَا مَثَلٗاۚ كَذَٰلِكَ يُضِلُّ ٱللَّهُ مَن يَشَآءُ وَيَهۡدِي مَن يَشَآءُۚ وَمَا يَعۡلَمُ جُنُودَ رَبِّكَ إِلَّا هُوَۚ وَمَا هِيَ إِلَّا ذِكۡرَىٰ لِلۡبَشَرِ ﴿31﴾

Transliteration: Wama jaAAalna ashaba alnnari illa malaikatan wama jaAAalna AAiddatahum illa fitnatan lillatheena kafaroo liyastayqina allatheena ootoo alkitaba wayazdada allatheena amanoo eemanan wala yartaba allatheena ootoo alkitaba waalmuminoona waliyaqoola allatheena fee quloobihim maradun waalkafiroona matha arada Allahu bihatha mathalan kathalika yudillu Allahu man yashao wayahdee man yashao wama yaAAlamu junooda rabbika illa huwa wama hiya illa thikra lilbashari

Translation: Биз тозоктун кожоюндарын периштелерден гана кылдык жана алардын санын, каапыр болгон адамдарды сыноо үчүн, китеп элдери (яхудилер менен христиандар) анык билип алуулары үчүн, жана ыймандуулардын ыйманы дагы (бир нече даражага) көбөйүшү үчүн (он тогуз даана) кылдык. Жана китеп (Тоорат, Инжил) берилген элдер менен момундар (периштелердин саны боюнча) шектенип калбашы үчүн, ал эми, жүрөгүндө кара ниети болгон адамдар (мунаафыктар) менен каапырлар: «Аллах бул мисал менен эмнени каалады экен» деп (шектенип) сүйлөшү үчүн (Аллах тозок периштелеринин санын он тогуз даана кылды). Аллах мына ушинтип, Өзү каалаган пендесин адаштырат жана каалаганын туура жолго салат. (Оо, Мухаммад, периштелерден турган) Раббиңдин аскерлерин(ин санын) бир Өзү гана билет. Жана бул (насааттар) адамдар үчүн эскертүүдөн башка (нерсе) эмес.

74:32

كَلَّا وَٱلۡقَمَرِ ﴿32﴾

Transliteration: Kalla waalqamari

Translation: Жок, Мен айга ант (ичип),

74:33

وَٱلَّيۡلِ إِذۡ أَدۡبَرَ ﴿33﴾

Transliteration: Waallayli ith adbara

Translation: кайтып кеткен түнгө ант (ичип),

74:34

وَٱلصُّبۡحِ إِذَآ أَسۡفَرَ ﴿34﴾

Transliteration: Waalssubhi itha asfara

Translation: (агарып) келе жаткан таңга ант (ичип),

74:35

إِنَّهَا لَإِحۡدَى ٱلۡكُبَرِ ﴿35﴾

Transliteration: Innaha laihda alkubari

Translation: (Айтамын): Чынында ал (“Сакар” тозогу) чоң балээлердин бири![1]

74:36

نَذِيرٗا لِّلۡبَشَرِ ﴿36﴾

Transliteration: Natheeran lilbashari

Translation: (“Сакар” тозогу) адамдарга эскертүү!

74:37

لِمَن شَآءَ مِنكُمۡ أَن يَتَقَدَّمَ أَوۡ يَتَأَخَّرَ ﴿37﴾

Transliteration: Liman shaa minkum an yataqaddama aw yataakhkhara

Translation: Силердин араңардагы, (Аллахтын ыраазычылыгына) умтулууну же болбосо кетенчиктеп кетүүнү каалагандар үчүн

74:38

كُلُّ نَفۡسِۭ بِمَا كَسَبَتۡ رَهِينَةٌ ﴿38﴾

Transliteration: Kullu nafsin bima kasabat raheenatun

Translation: Ар бир жан (ээси) өзү жасаган (күнөө) иштердин туткуну.

74:39

إِلَّآ أَصۡحَٰبَ ٱلۡيَمِينِ ﴿39﴾

Transliteration: Illa ashaba alyameeni

Translation: Оң тарап ээлери гана андай (туткун) эмес.[1]

74:40

فِي جَنَّـٰتٖ يَتَسَآءَلُونَ ﴿40﴾

Transliteration: Fee jannatin yatasaaloona

Translation: Алар бейиштерде туруп сурашат -

74:41

عَنِ ٱلۡمُجۡرِمِينَ ﴿41﴾

Transliteration: AAani almujrimeena

Translation: (тозоктогу) кылмышкерлерден:

74:42

مَا سَلَكَكُمۡ فِي سَقَرَ ﴿42﴾

Transliteration: Ma salakakum fee saqara

Translation: «Силерди «Сакар» тозогуна эмне түшүрдү?»

74:43

قَالُواْ لَمۡ نَكُ مِنَ ٱلۡمُصَلِّينَ ﴿43﴾

Transliteration: Qaloo lam naku mina almusalleena

Translation: Алар айтышат: «Биз намаз окуучулардан болбодук.

74:44

وَلَمۡ نَكُ نُطۡعِمُ ٱلۡمِسۡكِينَ ﴿44﴾

Transliteration: Walam naku nutAAimu almiskeena

Translation: Жана бей-бечараларды тамактандырбадык.

74:45

وَكُنَّا نَخُوضُ مَعَ ٱلۡخَآئِضِينَ ﴿45﴾

Transliteration: Wakunna nakhoodu maAAa alkhaideena

Translation: (Күнөө деңизине) чөмүлгөндөр менен бирге чөмүлдүк.

74:46

وَكُنَّا نُكَذِّبُ بِيَوۡمِ ٱلدِّينِ ﴿46﴾

Transliteration: Wakunna nukaththibu biyawmi alddeeni

Translation: Жана Акырет күндү жалган дедик.

74:47

حَتَّىٰٓ أَتَىٰنَا ٱلۡيَقِينُ ﴿47﴾

Transliteration: Hatta atana alyaqeenu

Translation: Башыбызга өлүм келгенге чейин»

74:48

فَمَا تَنفَعُهُمۡ شَفَٰعَةُ ٱلشَّـٰفِعِينَ ﴿48﴾

Transliteration: Fama tanfaAAuhum shafaAAatu alshshafiAAeena

Translation: Эми аларга (тозокуларга) эч бир шапаатчынын шапааты пайда бербейт.[1]

74:49

فَمَا لَهُمۡ عَنِ ٱلتَّذۡكِرَةِ مُعۡرِضِينَ ﴿49﴾

Transliteration: Fama lahum AAani alttathkirati muAArideena

Translation: Аларга (каапырларга) эмне болду, насааттан (Курандан) жүз буруп качышат?

74:50

كَأَنَّهُمۡ حُمُرٞ مُّسۡتَنفِرَةٞ ﴿50﴾

Transliteration: Kaannahum humurun mustanfiratun

Translation: Жапайы эшектерге окшоп,

74:51

فَرَّتۡ مِن قَسۡوَرَةِۭ ﴿51﴾

Transliteration: Farrat min qaswaratin

Translation: арстандан үркүп качкан?

74:52

بَلۡ يُرِيدُ كُلُّ ٱمۡرِيٕٖ مِّنۡهُمۡ أَن يُؤۡتَىٰ صُحُفٗا مُّنَشَّرَةٗ ﴿52﴾

Transliteration: Bal yureedu kullu imriin minhum an yuta suhufan munashsharatan

Translation: Жок, алардын ар бири (жеке өзүнө гана, атайын арналган) ачык китептер берилишин каалашат![1]

74:53

كَلَّاۖ بَل لَّا يَخَافُونَ ٱلۡأٓخِرَةَ ﴿53﴾

Transliteration: Kalla bal la yakhafoona alakhirata

Translation: Жок, андай эмес! (Чынында) алар Акыреттен коркушпайт!

74:54

كَلَّآ إِنَّهُۥ تَذۡكِرَةٞ ﴿54﴾

Transliteration: Kalla innahu tathkiratun

Translation: Жок, андай эмес! Чынында, бул (Куран эң чоң) эскерме-насаат!

74:55

فَمَن شَآءَ ذَكَرَهُۥ ﴿55﴾

Transliteration: Faman shaa thakarahu

Translation: Ким кааласа андан сабак алат.

74:56

وَمَا يَذۡكُرُونَ إِلَّآ أَن يَشَآءَ ٱللَّهُۚ هُوَ أَهۡلُ ٱلتَّقۡوَىٰ وَأَهۡلُ ٱلۡمَغۡفِرَةِ ﴿56﴾

Transliteration: Wama yathkuroona illa an yashaa Allahu huwa ahlu alttaqwa waahlu almaghfirati

Translation: Бирок, (андан) Аллах каалаган пенделер гана насаат ала билишет. (Анткени), Ал (Аллах таала) гана коркууга жана кечирим суроого татыктуу!

Transliteration source: English Transliteration by Tanzil. Used under Tanzil's non-commercial terms; see the source and latest updates at Tanzil. Tanzil translation download